Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн борбор калаада Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы республиканын бизнес коомчулугун жаңы экономикалык саясатты курууда биргелешип иштөөгө чакырды. Президент анын негизги принциптери атаандаштык, ачык-айкындуулук, мамлекеттик саясаттын алдын ала көрөгөчтүгү, бизнестин салыктык чынчылдыгы, ишкерлердин социалдык жоопкерчилиги болушу керектигин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле өкмөттүн алдында ата мекендик ишкерлердин кеңешин түзүүнү тапшырды. Мындай орган бизнестин ой-пикирлерин, идеяларын түз жеткирип, кабыл алынган чечимдердеги көшөгө артындагы көрүнүштөрдү кыскарта алат. Өлкө башчы бизнес чөйрөсү менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин белгилеп, буга чейин «Казакстан калкына» фондуна акча которгондорго ыраазычылык билдирди. Айта кетсек, ири компаниялар жыл сайын ага өкмөт тарабынан аныкталган салык салынуучу кирешенин пайызын чегерип турат. Мындан тышкары, президент атамекендик компанияларды казак экономикасына кайра инвестиция салууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков