ТИМ: Казакстан менен Австрия жигердүү кызматташтыкка кызыкдар

ТИМ: Казакстан менен Австрия жигердүү кызматташтыкка кызыкдар

Казакстан эл аралык милдеттенмелерин аткарууну уланта берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Австриянын тышкы иштер министри менен Венада болгон жолугушууда билдирди. Чет элдик маалымат каражаттары үчүн брифингде министр Казакстандагы кырдаал турукташканын белгилеп, эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен пландар менен бөлүштү. Ал ошондой эле үчтүн айынын башындагы окуяларга байланыштуу австриялык журналисттердин бардык суроолоруна толук жооп берди.

Мухтар Тлеуберди, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:

- Австрия Казакстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Биз экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, алдыңкы технологияларды тартууга, Австрияга экспортубузду ар тараптуу кылууга кызыкдарбыз. Тилекке каршы, ушул жылдын башында биз чабуулга дуушар болдук. Биздин жарандардын тынч жүрүшүн өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы деструктивдүү күчтөр пайдаланып кетишти. Муну массалык баш аламандыктарды уюштурууда, экстремисттик топторду даярдоодо жана аларды каржылоодо куралдуу бандиттердин макулдашылган аракеттери ырастап турат. Алар Казакстандын элине террордук аракет жасагысы келген. Болгон окуя терракт.

Казакстанга убактылуу жөнөтүлгөн ЖККУнун бейпилдик контингентинин курамында бир гана орусиялык аскерлер эмес, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстандын аскерлери да бар. Алар өздөрүнүн милдеттенмелерин ийгиликтүү аткарып, бүгүнкү күндө тынчтык күчтөрүнүн акыркы партиясы Казакстандан чыгып кетти.

Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг коопсуздук, тынчтык жана стабилдүүлүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Александр Шалленберг, Австриянын Тышкы иштер министри:

- Казакстандагы окуялар үрөй учурарлык. Фото сүрөттөрдү, жаңылыктарды көрүп, жакабызды кармадык. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Азыр өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү толук калыбына келтирүүчү мезгил келди. Бул Казакстан элинин гана кызыкчылыгы үчүн эмес, сиздин өнөктөштөрүңүздүн, анын ичинде Евробиримдиктин жана инвесторлордун кызыкчылыгы үчүн да зарыл. Коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук, адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги жана мыйзамдын үстөмдүгү Казакстан эли үчүн гана эмес, эл аралык коомчулук жана инвесторлор үчүн да маанилүү.

Александр Шалленберг президент Касым-Жомарт Токаевдин социалдык-экономикалык реформаларын жана инфраструктураны,жашыл технологияларды өнүктүрүүдө кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөсүнө да токтолду. Белгилей кетсек, Казакстан менен Австрияны отуз жылдык дипломатиялык мамилелер жана активдүү кызматташуу байланыштырып турат. Альп республикасынын бийлигинин айтымында, Казакстан Австриянын Борбордук Азиядагы негизги экономикалык өнөктөшү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков