Казакстан менен Венгрия эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө

Казакстан менен Венгрия эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө

Акыркы беш жылдын ичинде Казакстанга Венгриядан он үч миңден ашык турист келди. Бул убакыттын ичинде жыйырма эки миңден ашык казакстандык Венгриянын кооз жерлерине барышкан. Адистердин айтымында, бул сан жылдан жылга көбөйүп келет. Белгилей кетсек, Казакстан менен Венгрия биринчилерден болуп бири-биринин вакцина паспортун тааныган. Ал эми аяк оона айынан тарта тараптар үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандантты. Бир күн мурун Будапешттен Нур-Султан шаарына венгриялык туристтик агенттиктердин журналисттери жана өкүлдөрү келишти. Чет элдик коноктор казакстандык кесиптештери менен жолугушуп, борбордун бир катар маданий объектилери жана көрктөндүрүү жайларында болушту, баш калаанын туристтик дарамети жогору экендигин белгилешти.

Наталья Капустина, турфирманын өкүлү /Венгрия/:

- Биз Казакстанга журналисттер тобу менен келечекте Венгриядан дагы көп туристтерди тартуу үчүн келдик. Мага шаардын заманбап, өнүгүү жолунда иштеп келе жатканы абдан жакты. ЭКСПО өзүнчө бир тема. Менимче, азыркы учурда шаар жогорку деңгээлде, албетте келечекте өнүгө турган жерлери да бар.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү дарамети кеңири. 2005-жылдан бери Венгриядан Казакстанга келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү 258 миллион доллардан ашты. Бүгүнкү күндө Казакстанда венгриялык капиталдын катышуусунда 28 компания жана 41 биргелешкен ишкана иштейт. Тараптардын ортосунда медициналык туризм, айыл чарба, кайра жанма энергия булактары, транспорт, логистика жана каржы тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков