Сенат 2022-2024-жылдарга арналган республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун карады

Сенат 2022-2024-жылдарга арналган республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун карады

Казакстандын Энергетика министрлиги күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүдөн баштап, аларды сатууга жана сактоого чейинки бардык этаптарда көзөмөлдү камсыз кылууну мерчемдеп жатат. Мындан тышкары республикада дизель майынын жана жалпы күйүүчү-майлоочу майдын материалдык фондун түзүү каралууда. Ал эми күйүүчү майдын баасына келсек, Магзум Мырзагалиевдин айтымында, учурда абалды турукташтыруу иштери жүрүп жатат.

Магзум Мырзагалиев, РКнын Энергетика министри:

- Биз системалык өзгөрүүлөргө даярданып жатабыз. Биринчиден, үч мунай кайра иштетүүчү заводдун пландык жана пландан тышкаркы оңдоо мөөнөтүн тактоо жана жөнгө салуу көздөлүүдө. Экинчиден, республикада мамлекеттик материалдык фондду түзүү, үчүнчүдөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды көзөмөлдөө колго алынат. Мындан тышкары, ар бир мунай-базада тиешелүү жабдуулардын болушу көзөмөлгө алынат. Биз бул маселелерди изилдеп, чечип жатабыз. Жыл аягына чейин конкреттүү сунуштарды киргизебиз.

Сенатта кийинки 3 жылга арналган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору да каралды. Мисалы, 2022-жылы жалпы мамлекеттик чыгымдардын 51% жакыны социалдык чөйрөгө багытталат. 2024-жылга карай бул көрсөткүч 60%га жетет. Жалпысынан социалдык чөйрөгө 26 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнөт.

Маулен Ашимбаева, РКнын Парламент Сенатынын төрагасы:

- Бул каражаттар көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Маселен, социалдык жөлөкпулдарды индексациялоо, мугалимдердин, дарыгерлердин, бюджеттик тармактын башка кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу, көптөгөн социалдык объектилерди куруу көздөлгөн.

Мындан тышкары, Сенаттын төрагасы аталган каражат улуттук демилгелерди ишке ашырууга жумшала турганын белгиледи. Тактап айтканда, эпидемиядан кийинки каатчылыктын кесепеттерин жоюуга жана Президент тарабынан коюлган милдеттерди аткарууга багытталат.

Маулен Ашимбаева, РКнын Парламент Сенатынын төрагасы:

- Кийинки үч жылдын бюджети негизинен калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталып жатат. Президенттин быйылкы кайрылуусунда пандемиядан кийинки мезгилде экономиканы кайра калыбына келтирүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлду. Өнөр жайдын натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактарды өнүктүрүү, калкты түйшөлткөн социалдык актуалдуу маселелерди чечүү боюнча максаттар жана милдеттер белгиленди.

Белгилей кетсек, Сенат мыйзам долбооруна бир катар түзөтүүлөрдү киргизип, аны Мажилиске кайра кайтаруу боюнча токтом кабыл алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков