А. Балаева: казак тили илим менен билимдин тилине айланат

А. Балаева: казак тили илим менен билимдин тилине айланат

Коомдогу казак тилдүү чөйрөнү кеңейтүү, аны күнүмдүк жашоодо гана эмес, илим менен билимде, бизнесте жана коомдун тилине айлантуу - «Улуттук руханий кайра жаралуу» долбоорунун маанилүү багыттарынын бири. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева улуттук 10 долбоордун бирин тааныштыруу учурунда билдирди. Мекеме башчысынын айтымында, Улуттук руханий кайра жаралуу долбоору 3 багыт, 7 милдет, 21 көрсөткүч, 66 масштабдуу иш-чарадан турат.

Аида Балаева, Казакстандын Маалымат жана Коомдук өнүктүрүү министри:

- Бул багыттагы экинчи маанилүү милдет - мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү. Улутту сактоо дегенибиз тилди сактап, өнүктүрүү дегенди билдирет. Белгилүү болгондой, Мамлекет башчысы казак тили келечекте эл аралык тилге айланат деген ишенимин билдиргени бар. Ага бүгүнкү күндө бардык негиз бар. Мамлекеттик тилге коомчулуктун талабы өсүүдө. Бул убакыт талабы. Андыктан бул багытта бир катар ири долбоорлор каралып жатат.

Министр бир катар масштабдуу долбоорлорго мамлекеттик тилди окутуу боюнча инновациялык IT-онүмдөрдү иштеп чыгуу, популярдуу анимациялык жана билим берүү каналдарын казакташтыруу, орто билим берүүдө тилдик программаларды өзгөртүү, техникалык жана кесиптик билим берүү үчүн казак тилиндеги окуу китептерин иштеп чыгуу сыяктуу системалуу иш-чаралардын бардыгын атап өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков