Казакстан Эли Ассамблеясынын кеңейтилген жыйыны

Казакстан Эли Ассамблеясынын кеңейтилген жыйыны

Казакстан Эли Ассамблеясы өлкөнүн биримдигин чыңдоодо чоң роль ойнойт. Мындай пикирин Президент Касым-Жомарт Токаев уюмдун кеңейтилген жыйынында билдирди. Ал эгемендүүлүк жылдарында күчтүү элдин, өнүккөн экономиканын жана өлкөнүн элинин биримдигинин натыйжасы экенин айтты. Өлкөдөгү улуттар аралык ынтымактын уникалдуу модели дагы өзүнчө бир үлгү. Анын эффективдүүлүгүн дүйнөлүк коомчулук тааныды. Мамлекет башчысы азыркы максат коомдун тынч жашоосуна шек келтирбөө экенин айтат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Ыйык мекенибиздеги ар түрдүү маданияттардын гармониясы - улут катары биримдигибиздин башкы принциби жана туруктуу стратегиялык багытыбыз. Азыркы заманда ар кандай коркунучтар жок эмес. Мындай учурда биз улуттук биримдигибизди мындан ары да бекемдешибиз керек. Ошондо гана биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, жаңы бийиктиктерди багынта алабыз. Быйылкы Кайрылууда мен өлкөнүн биримдигин чыңдоо керектигин баса белгиледим. Албетте, бул маанилүү иште биздин Ассамблеябыз эң маанилүү ролду ойнойт.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү биримдикке жана тынчтыкка каршы айтылган бир дагы сөз жоопсуз калбашы керектигин баса белгиледи. Ал этникалык топтордун социалдык-маданий изоляциясына каршы чараларды иштеп чыгууну сунуштады. Тагыраак айтканда, улуттар аралык мамилелер темасында изилдөө жүргүзүүнү тапшырды. Жарандык коом институттары жана энелер кеңештерине мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Буга байланыштуу белгилүү машыктыруучу-мотиватор Алтын Каникар өлкөдө энелер мектебин түзүүнү сунуштады.

Алтын Каникар, Kanikar Club аялдар клубунун жетекчиси:

- Долбоордун алкагында биз эне тилин билбеген энелерди тил үйрөтүүгө, өлкөгө белгилүү апаларыбызды казактын «төркүндөө» салты аркылуу жаштарга таанытууну, үй-бүлө бузулбасы үчүн, коломто оту өчпөшү үчүн жакшы келин, үлгүлүү эне болууну үйрөтүүгө даярбыз. Муну менен катар, балдарга улуттук тарбия берүүгө кеңеш берүүнү колдойбуз.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Сиздин ишиңизди колдойм. Бул жумуш биздин коом үчүн абдан керек. Негизинен аймактарда мындай борборлор канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Андыктан мен сизге ийгилик каалайм.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы «Жаңыруу жолу» кыймылын Ассамблеянын алдындагы республикалык жаштар уюму катары кайра түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул жаатта жаш муундар токойлорго 2 миллиард, айыл жерлерине 15 миллион дарак тигүүгө жигердүү катышат деген ишенимин билдирди. Ар бир аймакта элдин достугуна арналган парктарды ачууга болорун кошумчалады. Президент Ассамблеянын кезектеги сессиясын жаштар саясаты темасына арноону сунуштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков