Казакстанда Даанышмандар кеңеши түзүлөт

Казакстанда Даанышмандар кеңеши түзүлөт

Нур-Султанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Тышкы иштер министрлер кеңешинин алтынчы отурумунда Даанышмандар Кеңешин түзүү чечими кабыл алынды. Кеңеш берүүчү орган уюмдун өнүгүшүнө байланыштуу көптөгөн маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги маанилүү кеңештерди берет. Атап айтканда, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле ишенимди бекемдөө чараларын ишке ашыруу жана уюмдун кийинки багыттарына жана артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Даанышмандар кеңешинин башчылыгына Эл Башы Нурсултан Назарбаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Кайрат Сарыбай, Катчылыктын аткаруучу мүдүрү:

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү Даанышмандар Кеңешин түзүү боюнча жалпы чечимди колдошту деп толук айта алам. Айта кетчү жагдай бул президент Токаевдин Дүйшөмбүдө өткөн саммитте айткан сунушу. Өзүңүздөргө маалым болгондой мамлекеттер бул сунушту кубаныч менен кабыл алышып, атайын жобо түзүштү. Эми биз бул сунушту ишке ашырууну көздөп жатабыз. Менин оюмча албетте, бул адилеттүү жана негиздүү чечим. Даанышмандар кеңешин бул уюмдун негиздөөчүсү жетектеши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков