КР Президенти БУУнун Башкы Ассамблеясы 76-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөдү

КР Президенти БУУнун Башкы Ассамблеясы 76-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөдү

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Жыйында туруктуу калыбына келтирүү, дүйнөнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана адам укуктарын урматтоо маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө үч глобалдык маселеге: тагырагы COVID-19дан кийин калыбына келтирүү, климаттык каатчылык жана Ооганстандагы гуманитардык абалга көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев вакцинага глобалдык жеткиликтүүлүктү тез арада жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, казакстандык препаратты эки тараптуу негизде же COVAX системасынын ичинде бөлүшүүгө даяр экенин ырастады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Өткөн жылы COVID-19 илдетине 225 миллион адам чалдыкты. Вакциналарды өндүрүү менен алектенген медициналык кызматкерлерге, окумуштууларга жана адистерге ыраазычылык билдиребиз. Пандемиянын экономикалык жана социалдык кесепеттери оор болду. Дүйнөдө жумушсуздук акырындык менен өсүүдө жана күнүмдүк жашоосун улантуу үчүн күрөшкөндөрдүн саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө 130 миллион адам жакырчылыкта жашап келет. Пандемия биздин алсыздыктарыбызды аныктап, эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн ачык көрсөттү.

Мамлекет башчысы ошондой эле ооганстандагы гуманитардык абалга да токтолду. Анын айтымында, Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен сүйлөшүү аркылуу тынчтык орнотуу идеясын колдойт. Буга Ооганстанга жардам көрсөтүү үчүн Алматыда атайын хаб түзүү демилгеси далил. Кыйынчылыкка карабастан ооган элине колдоо көрсөтүү керек деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстан Ооганстанга көз карандысыз өлкө жана коңшу өлкөлөр менен тынчтыкта болгон эгемендүү мамлекет катары карайт. Ооганстан анын аймагында терроризмдин, баңгизаттын жана адам сатуунун жок кылынышын камсыз кылуу үчүн эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин аткарышы керек. Саясий көз карашыбызга карабастан, ооган элине терс көз карашта болбошубуз керек. Негизги максат гуманитардык жардам көрсөтүү болуп саналат. БУУнун агенттиктери жана башка да гуманитардык уюмдардын ишине тоскоол болбогон коопсуз чөйрөнү түзүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков