К. Токаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты

К. Токаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты

Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Дүйшөмбүдө Казакстан, Беларус, Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри Ооганстандагы абал, эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты. Касым-Жомарт Токаев Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, аталган өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал гуманитардык каатчылыкка баратат. Ал Ооганстандагы узак мөөнөттүү стратегиялык позицияларды иштеп чыгууга байланыштуу жаңы бийликтин ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлдөп туруу керектигин жана Казакстан үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими негизги багыт болорун белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:

- Ооганстандын жаңы бийлиги менен иш-аракеттерди координациялоо жана интеграциялоону камсыз кылуу боюнча конкреттүү кадамдарды кабыл алууну сунуштайм. Ооганстандын жаңы бийлиги коңшу өлкөлөргө жана региондорго терроризм коркунучунун жайылышына жол бербөө боюнча өз милдеттенмелерин аткара тургандыгы биздин ачык приоритетибиз. Бул наркотрафикке жана мыйзамсыз миграцияга тиешелүү. Алар менен күрөшүү бардык кызыкдар тараптардын жамааттык аракеттерин талап кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков