Астраханда Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Астраханда Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Казакстан менен Орусиянын чек ара кызматташтыгы тездик менен өнүгүүдө. Пандемияга карабастан, Казакстан менен Астрахань облусунун ортосундагы товар жүгүртүү ушул жылдын биринчи жарымында 8 миллион 200 миң долларга жетти. Аймакта казакстандык компаниялардын катышуусу менен 34 ишкана бар. Астрахань шаарында Казакстандын Башкы консулдугунун ачылышы бул байланыштарды тереңдетүүгө мүмкүндүк берет. Мындай дарамет быйылкы күздө Көкшетауда өтүүчү аймактар аралык кызматташтык форумунда каралат. Анда туризм тармагындагы долбоорлорго басым жасалат.

Ермек Көшербаев, Казакстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Белгилүү болгондой, Актау шаарында туристтик аймакты жана мейманканаларды өнүктүрүү үчүн көп иштер жасалууда. Шаар орус туристтерди кучак жая тосуп алууга даяр. Жакында «Улуу Петр» туристтик лайнеринин курулушу аяктайт. Ал Каспий деңизиндеги ар бир өлкөнүн портторуна каттайт.

Игорь Бабушкин, Астрахань облусунун губернатору:

Казакстан менен Астрахань облусунун ортосундагы мамиле жыл сайын өсүүдө, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү артып келет. Келечекте бул жараянды улантуу ниетибиз бар. Бүгүн биз кесиптештерибиз менен түрдүү тармактардагы кызматташтыктын келечегин талкууладык. Буга өнөр жай, өндүрүш жана айыл чарба, туризм жана маданий алмашуу кирет.

Бул арада гуманитардык кызматташтык жакын. Астрахань облусунда Курмангазы атындагы маданий борбор иштейт. Анда 1,5 миңден ашуун казакстандык студенттер билим алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков