Мамлекет башчысы иш сапары менен Түндүк Казакстан облусуна барды

Мамлекет башчысы иш сапары менен Түндүк Казакстан облусуна барды

Президент биринчи кезекте түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жүрүшү менен таанышты. Быйыл аймакта кургакчылык болуп, дыйкандар түшүм жыйноону эрте башташкан. Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү дыйкандардын айдоо жерлеринин абалы менен таанышып, түшүм жыйноо иштерине колдонулган айыл чарба техникаларын көрдү. Дыйкандар эгин аянтынын жарымынан көбүн жыйнап алууга жетишкен. Орточо эсеп менен гектарынан 11 центнерден түшүм алынып жатат. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн субсидиялардын жардамы чоң болгонун дыйкандар белгилешет. Түндүк Казакстан облусу түшүм көп жыйналган аймактардын бири болуп саналат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Чындыгында айыл чарбасы алдыңкы техникаларга муктаж. Өкмөт дыйкандарды алдыңкы техника менен камсыздашы керек. Мындай жабдуулар болбосо биздин айыл чарбабыз өнүкпөйт. Бул айдан ачык. Ошондуктан, бул маселе боюнча Өкмөт менин тапшырмам боюнча өзүнүн саясатын улантат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков