Казакстандагы диний кырдаал – туруктуу

Казакстандагы диний кырдаал – туруктуу

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы Казакстанда өтөт. Бул тууралуу республиканын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы брифингде билдирди. Ержан Нукежановдун айтымында, тогуздун айынын 6да борбор калаада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери съездинин 19 –курултайы өтөт. Иш-чара аралаш форматта өторү мерчемделүүдө: онлайн, жалпы дискуссиялар жана жолугушуулар. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө республикада конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча иштер уланып жатат. Ал эми өлкөдөгү диний кырдал тынч жана стабилдүү. Өкүлчүлүк конфессиялар, ассоциациялар жана мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү сакталган.

Ержан Нукежанов, РКнын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин дин иштери боюнча комитетинин төрагасы:

- Диний чөйрөдөгү адам укуктарына келсек, өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында эле Казакстан Республикасынын адам укуктары жаатындагы мындан аркы чаралары жөнүндө президенттин жарлыгы чыккан. Биз диний бирикмелерди каттоо жана жалпысынан диний иш -чараларды өткөрүү жаатындагы маселелерди жөнөкөйлөтүү үчүн кээ бир түзөтүүлөрдү киргизүүнү мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков