К. Петров: Калк алдында отчет берүү Казакстанга башкаруу системасын жакшыртууга мүмкүндүк берет

К. Петров: Калк алдында отчет берүү Казакстанга башкаруу системасын жакшыртууга мүмкүндүк берет

Аймактарды өнүктүрүү. Бул Казакстан президентинин өлкө элине арналган кайрылуусундагы өзгөчө токтолгон темасы болду. Касым-Жомарт Токаев региондордун каржылык көз карандысыздыгын жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Серепчилер бул тапшырмалар «элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясынын принциптерине туура келерин айтат. Башкача айтканда, ар бир жаран өзү жашаган коомдун өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул жаатта айыл акимдерин түз шайлоону киргизүү өтө маанилүү кадам болду. Ал эми 2024-жылы жарандар пилоттук режимде район акимдерин шайлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кирилл Петров, саясат таануучу:

- Акимдер жогорку бийликке гана отчет берүү менен катар, жарандардын административдик иштери тууралуу пикирин да билип турса, кабыл алынган чечимдер коомчулуктун да көңүлүндө болуп турат. Бул маселе аталган кайрылууда камтылды. Башкача айтканда, президент мамлекеттик аппараттын эффективдүү иштеши үчүн жогору жактын кысымы жетишсиз деп эсептейт. Калк алдында отчет берүү Казакстанга башкаруу системасын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы ошондой эле минималдуу эмгек акы 2022-жылдан тарта жогорулай турганын айтты. Эми ал 42 миң 500 теңгеден 60 миң теңгеге чейин көтөрүлөт. Эң төмөнкү эмгек акынын жогорулашы ички керектөөнү жогорулатат жана экономикага оң таасирин тийгизет. Адистердин айтымында, бул ички жалпы өнүмдү 1,5%га арттырат.

Айгүл Ракышева, Үй-Бүлө Институтун Изилдөө Борборунун Жетекчиси:

- Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн негизги көйгөйү - кирешенин аздыгынан пайда болот. Анткени алардын балдарына инвестиция салууга акчасы жок. Ал тургай, келечектеги чыгымдарга да каражаты жетпейт. Ошондуктан, бул абдан убагында жасалган чара болот. Тагырак айтканда бул аркылуу көптөгөн мекендештерибиздин кирешеси көбөйөт дегенди билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков