Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук план даярдалат

Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук план даярдалат

Казакстан Республикасынын Президентинин Кайрылуусунун багыттарын ишке ашыруу үчүн Улуттук план даярдалат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Аскар Мамин билдирди. Анын айтымында, президент тарабынан коюлган милдеттер жана демилгелер коомдун муктаждыктарына жана заманбап чакырыктарга негизделген.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Мамлекет башчысы аймактык саясатты жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкөнүн ар бир аймагында инфраструктураны жакшыртууга, ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен калктын жашоо сапатын жана кирешесин жакшыртуу боюнча өзөктүү маселелерди чечүүгө багытталган конкреттүү долбоорлор ишке ашырылат. Ар бир мамлекеттик орган, ар бир жергиликтүү аткаруу органы дароо Мамлекет башчысынын тапшырмаларын жана демилгелерин ишке ашырууга дароо киришүүсү керек. Мамлекет башчысынын Кайрылуусунун бардык багыттарын ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук план даярдалат.

Буга кошумча, премьер-министр мамлекеттик органдарга жалпы Улуттук план боюнча өз сунуштарын аяк оона айынын 3нө чейин Улуттук экономика министрлигине берүүнү тапшырды. Өз кезегинде Улуттук экономика министрлиги аяк оона айынын 4нө чейин Улуттук пландын долбоорун премьер-министрдин кеңсесине киргизүүгө тийиш. Аскар Мамин кийинки отурмда даяр документти карап, президенттин бекитүүсүнө киргизүү үчүн макулдашуу керектигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков