Президенттин кайрылуусу-2021: элдин пикири

Президенттин кайрылуусу-2021: элдин пикири

«Жөнөкөй нерселердин экономикасы» жана «Бизнестин жол картасы» мамлекеттик программаларын кеңейтүү. Бул маселе президенттин кайрылуусунда өзөктүү тапшырмаларынын бири болуп саналат. Серепчилердин пикиринде, программанын узартылышы чакан жана орто бизнеске жардам бере турган каатчылыкка каршы туура чечим.

Адил Кусманов, РКнын Президенти алдындагы социалдык-экономикалык реформаларды талдоо жана мониторинг борборунун кеңешчиси:

- Бул жалпы ишкердик үчүн чоң колдоо болот. Биз ошондой эле каражатты абдан үнөмдүү сарптоо керектигин ачык түшүнүшүбүз керек. Каражаттын ишкерлерге, рынок субьектилерине кантип жетерин жана тандоо кандай жүргүзүлгөнүн көзөмөлдөө кажет.

Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда көтөргөн дагы бир актуалдуу маселе-илим тармагы. Маанилүү документте аталган тармакты өнүктүрүүнүн конкреттүү механизмдерин белгиледи. Алардын бири - фундаменталдуу изилдөө жүргүзгөн билим берүү мекемелерине грант бөлүү маселеси. Көптөгөн жылдар бою илимпоздор көйгөйдүн түпкү чечимин табууга аракет кылып келишкен дешет серепчилер.

Алуа Жолдыбалина, РКнын Президенти алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институту мудүрүнүн орун басары:

- Илимде 3 жылда изилдөө жүргүзүү математика, физика, химия сыяктуу тармактарда кыйын. Анткени бул көп убакытты талап кылат. Ошондуктан аны 5 жылга узартуу сунушу пайда болду. Бул мындан ары фундаменталдуу узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков