Кыргызстанда Парламенттик шайлоо жетинин айынын 28не белгиленди

Кыргызстанда Парламенттик шайлоо жетинин айынын 28не белгиленди

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жетинин айынын 28 күнү өтөт. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду. Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык, мамлекеттин Жогорку Кеңеши эми 90 депутаттан турат. Алар 5 жылга шайланат. Ал эми Кыргызстан парламентинин мурунку курамы жаңысы шайланганга чейин иштей берет. Ошондой эле, эртең алар жайкы каникулдан кийин биринчи сессияга чогулушат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 657 миңден ашуун адам добуш берүүгө укуктуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков