Евробиримдик жана Казакстан: Көз карандысыздык жылдарындагы кызматташтык

Казакстан киши башына түз чет элдик инвестициялар көрсөткүчү боюнча дүйнө мамлекеттеринин арасында алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Эгемендүүлүк жылдарында Европа Биримдигинин өзүнөн эле 180 миллиард евродон ашык каражат тартылган. Аталган инвестициялык каражат эсебинен өлкөдө 350 ашуун долбоор ишке ашырылды. Алар сот системасын реформалоону колдоого, өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча аймактык жана жергиликтүү бийлик органдары менен мамлекеттик тармактын дараметин чыңдоого багытталган. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Европа Биримдиги Казакстандын негизги экономикалык жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири.

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстан өтө кыска убакыттын ичинде узак жолду басып өттү. Дээрлик 30 жылдын ичинде чоң жеңиштерге жетишти. Сиздердин социалдык жана экономикалык жетишкендиктериңер чындыгында таң калыштуу. Муну Европа Биримдиги гана эмес, эл аралык коомчулук дагы жогору баалайт. Ошондуктан биз мындан аркы кызматташуунун дараметин жогору баалайбыз. Казакстан коңшу мамлекеттер менен мамилелерди жана кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүүдө региондо лидер болуп саналат. Мамлекет тандап алган өнүгүү жолу туура деп эсептейбиз.

Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси Свен-Олов Карлссондун айтымында, өлкөгө бир катар аймактык программаларда жана башка тармактарда колдоо көрсөтүлө берет. Алардын катарына Central Asia Invest, SWITCH Asia, ошондой эле, Борбор Азиядагы эл аралык сооданы колдоо программалары кирет.

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кенен. Экономика жаатында гана эмес. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму түзүмдөрү менен менен бирге иш алып барабыз. Ушул убакыттын ичинде Казакстан эл аралык коомчулуктун беделдүү мүчөсүнө айлана алды. Коопсуздук жаатында, ар кандай глобалдык чакырыктар жаатында көптөгөн демилгелер бар. Аларлын алкагында Казакстан БУУнун отурумдарында өз позициясын билдирип келет.