«Жусан» операциясы: Сириядан кайтарылган жарандардын 95% салттуу динге өттү

«Жусан» операциясы: Сириядан кайтарылган жарандардын 95% салттуу динге өттү

Казакстанда «Жусан» операциясынын алкагында 607 адам өлкөгө кайтып келишти. Алардын 413ү балдар. Бул масштабдуу иш-чараны ишке ашыруу үчүн 20га жакын мамлекеттер менен байланыштар түзүлдү. Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү өз мекенин сагынган адамдардын жарандыгын аныктоо оңой болбогонун моюнга алышты. Себеби азаптан кутулуунун жолун издеген башка мамлекеттин өкүлдөрү өздөрүн казакстандык катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Толук текшерүүдөн өткөндөн кийин жарандар Коргоо министрлиги тарабынан берилген аскердик учак менен жеткирилди. Коронавируска жана башка тоскоолдуктарга карабастан, мекенине кайтып келген мекендештердин 95% теологдордун жана психологдордун жардамын алышууда. Ошондой эле, алар радикализмден арылтуу, реабилитациялоо жана адаптациялоо боюнча жигердүү иш алып барышат. Улуттук коопсуздук органдары кызматкерлери күнүнө карата маек берген ардагер Абылай Тастамбеков комитетке артылган милдет чоң экендигин айтат.

Абылай Тастамбеков, РКнын уккнын отставкадагы генерал-майору:

- Көпчүлүк адамдар билишпейт. Бирок мындай жумуш аткарылбаса, УКМК иштебесе, мамлекет зыян тартат. Мындай иш-чаралар сөзсүз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков