Казакстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу эл аралык милдетти аткарууга даяр

Казакстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу эл аралык милдетти аткарууга даяр

Казакстандын Коргоо министрлиги Ооганстандагы окуяларга байланыштуу даярдыкта жана күтүү режиминде. Мекеменин өкүлдөрү Талибдер менен кырдаалды турукташтыруу үчүн казак армиясын чек арага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министринин орун басары Тимур Дандыбаев борбордук кеңештеги брифингде билдирди. Анын айтымында, жамааттык күчтөрдү тартуунун кажети жок. Бүгүнкү күндө серепчилер аталган өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө маалыматты тынымсыз жаңыртып турушат. Анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн коргонуу бөлүмдөрү жана аймактык уюмдар менен тыгыз байланышта. Кандай болгон күндө дагы жаңжалга кийлигишүү үчүн бир катар шарттар талап кылынат, - деди Тимур Дандыбаев.

Тимур Дандыбаев, РКнын коргоо министринин орун басары:

- Учурда Ооганстандагы аскердик кырдаал оор болуп турат. Бизге эл аралык коопсуздук чараларын камсыздоо жана колдоо, контингент жөнөтүү үчүн бир катар шарттар керек. Бул шарттардын бири - тараптардан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна жардам сурап кайрылууга тийиш. Экинчиден, Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин деңгээлинде чечим чыгаруу кажет. Албетте, бул чечимди өлкөбүздүн Парламенти ратификациялап, эл аралык миссия аткарган контингенттин жиберилүүсүнө уруксат берилиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков