Казакстанда Сирия боюнча эл аралык жолугушуу өтөт

Казакстанда Сирия боюнча эл аралык жолугушуу өтөт

Казакстанда Сирия боюнча кезектеги жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушуу өтөт. Сүйлөшүүлөр теке айынын 7-8не белгиленген. Бул Астана жараянынын алкагында уюштурулган 16-жолугушуу. Ага ортомчу болгон өлкөлөр - Иран, Орусия жана Түркия, ошондой эле Сириянын өкмөтү менен куралдуу оппозициянын өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө. Байкоочу катары Бириккен Улуттар Уюмунун, Иорданиянын, Ирактын жана Ливандын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү чакырылган.

Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине төмөнкү маселелер кирет: Сириядагы, анын ичинде социалдык-экономикалык жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаал; Сирияга эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүү; Женевадагы сириялык Конституциялык комитети ишинин жандануу келечеги; тараптардын ортосундагы ишенимди бекемдөө, анын ичинде туткундарды алмашуу, барымтага алынгандарды бошотуу жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө.

Жолугушуунун алгачкы күн тартибинде эки тараптуу жана ортомчу өлкөлөрдүн үч тараптуу кеңешмеси, Сирия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, байкоочу тараптардын делегациялары менен байланыштарды орнотуу кирет. Экинчи күнү жолугушууну улантуу жана пленардык жыйын өткөрүү мерчемделүүдө. Буга кошумча, барымтага алынган адамдар боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму дагы мерчемделген. Ага БУУнун жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин серепчилери катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков