Казакстандыктар абанын булгануу деңгээлин өлчөгөн курал иштеп чыкты

Казакстандыктар абанын булгануу деңгээлин өлчөгөн курал иштеп чыкты

Сиз жашаган аймактагы абанын сапаты кандай? Бул суроонун жообун атмосферадагы зыяндуу калдыктардын көлөмүн көрсөткөн веб-тиркеме аркылуу табууга болот. Жаңычылдыкты казакстандык дизайнерлер сунушташууда. Атайын программанын жардамы менен аба ырайынын божомолун, нымдуулукту жана андагы көмүр кычкыл газынын көлөмү менен диоксид көлөмүн көрүүгө болот.

Адилет Берсінбаев, долбоордун автору:

- Биздин эң биринчи долбоор. Мунун пайдасы абдан чоң деп ойлойм. Адамдар көчөдө жүрүп эле көптөгөн маалыматтарды көрө алышат. Менин оюмча, ушул маалыматтарга таянып, шаардын тазалыгын сактайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков