Коронавирусту жоюучу фильтр жасалды

Коронавирусту жоюучу фильтр жасалды

Вирустарды жок кылуунун жолу бар. Алматылык жаш окумуштуу Диас Тастанбеков аба тазалоочу жаңы шайман ойлоп тапты. Ал COVID-19 жана башка ар кандай вирустардын ДНКсын жок кылууга жөндөмдүү. Бул чыпканын негизги өзгөчөлүгү - ага жети түрлүү тазалоо деңгээли орнотулган, ал булгоочу заттарды чогултпайт. Аппаратты үйдө гана эмес, кеңседе жана коомдук транспортто дагы колдонсо болот.

Диас Тастанбеков, жаш окумуштуу:

- Биринчи чыпка ири бөлүкчөлөрдү кармап калат, алар ар кандай гранулдар, чаңдар, курт-кумурскалар болушу мүмкүн. Кийинкиси хеппа чыпкасы деп аталат. Ал майда-чүйдө нерселерге тоскоол болот. Кийинкиси активдештирилген көмүр катмары. Андан ары титан кычкылынын катализатору. Вирусту мүмкүн болушунча узак мөөнөткө сактап, ультрафиолет нурларына таасир эткен сактоочу тутумдар бар. Дал ушул нурлар катализатор менен бирге зыяндуу заттарды зыянсыз заттарга айландырууга көмөктөшөт.

Белгилей кетсек, илимпоз бул уникалдуу чыпка өндүрүшүн жолго коюуга жетишкен. Өнүм өлкө ичинде кеңири жайылууда. Келечекте чет өлкөлөрдө тааныштыруу мерчемдери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков