Келечектеги адистиктер

Келечектеги адистиктер

Генетикалык коддун редактору, санарип тигүүчү, маалыматтар менен иштеген детектив. Бул сиз ойлогондой фантастикалык кинонун каармандары эмес. Бул жакынкы келечекте эмгек рыногунда пайда боло турган кесиптердин аталыштары. Серепчилердин пикирине таянсак, 2030-жылга карата бүгүнкү күндө талап кылынган кесиптердин көпчүлүгү керексиз болуп, тизме 85 пайызга чейин жаңыланат. Жакынкы 5-10 жылда Казакстанда 239 жаңы адистик пайда болот. Заманга ылайык 95 жаңыланып, 129 таптакыр жок болот. Мындай маалыматтар «Жаңы адистиктердин атласы» долбоорунда келтирилген.

Гизат Маханов, жаңы адистиктер атласын түзүүчүсү:

- Кибер-адвокат, чоң маалымат адистери, химиктердин жаңы толкуну сыяктуу кесиптер бар. Бул биздин өлкө үчүн канчалык маанилүү? Учурда бүткүл дүйнө ушул багытта баратат. Бул жараяндан Казакстан дагы четте калбашы керек. Мисалы, жайлоолордо жана талааларда, же тоолуу аймактарда керектүү маалыматты алуу үчүн күнүнө бир нече чакырымды басып өтүү керек. Ири өндүрүш ишканаларда маалыматтарды чогултуу оңой эмес. Азыр мунун баарын өзү учуучу учактын жардамы менен жасаса болот. Алар мындай жумушту 5 мүнөттүн ичинде аткарат. Өздөрү автоматтык түрдө керектүү маалыматтарды чогултуп, эсептөөлөрдү жүргүзүшөт.

Динара Бектурсынова мындай жаңы кесиптердин бирин өздөштүрүүгө жетишкен. Ал мейкиндиктин уюштуруучусу. Бул чарба объектилеринде, кеңселерде жана үйдүн ичинде эмеректерди жана буюмдарды жайгаштыруу тартибин калыбына келтирет. Америкада 20-кылымдын аягында популярдуулукка ээ боло баштаган мындай кызмат түрү Казакстанда жакында гана пайда болду. Эң башкысы аралыктан иштөөгө болот, дейт Диана.

Диана Бектурсынова, мейкиндик уюштуруучусу:

- Азыркы учурда тиричилик буюмдары көп болуп жатат. Түрлөрү ушунчалык көп болгондуктан, кээ биринин атын айтуу кыйын. Көпчүлүк «бул кандай кызмат, тазалообу? Сиз бизге үйдү тазалоону үйрөтөсүзбү? деп сурап, түшүнбөстүк билдиришет. Жок, албетте бул андай эмес. Апаларыбыздын убагында мындай көп нерселер болгон эмес. Ошондуктан аларды азыр туура жайгаштыруунун кажети жок болчу. Ал эми азыр бул абдан маанилүү болуп турат.

Серепчилердин маалыматына таяна турган болсок, Айти, мунай-газ жана тоо-кен комплекстеринде адистиктерди модернизациялоо маселеси да абдан актуалдуу. Алдыдагы убакытта бухгалтерлердин, котормочулардын, китепканачылардын, туристтердин, тигүүчүлөрдүн жана официанттардын кызматтарына суроо-талап азайып, ал тургай бул кесиптер жоюлуп кетиши мүмкүн. Алардын ордун акылдуу технология басышы толук мүмкүн. Дүйнөлүк деңгээлде санариптештирүү мезгилинде эмгек рыногу түп-тамырынан бери өзгөрөт. Ошондуктан, атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, суроо-талапка ээ болуу үчүн, квалификацияны өркүндөтүп, ар дайым заман талабына ылайык жаңыланып туруу керек, дейт адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков