Окумуштуулар биринчи казак санариптик үндөрүн түзүштү

Окумуштуулар биринчи казак санариптик үндөрүн түзүштү

Назарбаев Университетинин окумуштуулары биринчи жолу эркек жана аял адамдын үнүнөн турган бир катар санариптик казак добуштарын түзүштү. Аларга Исеке жана Рая деген ысымдар берилди. Аттар чыныгы добуш ээлеринин ысымдарына негизделген. Иштелип чыккан шайман даяр текстти аудиого айландырат жана казак тилинин санарип чөйрөсүндө колдонулушун кеңейтүүгө жол ачат.

Саида Мусахожаева, Назарбаев Университетинин акылдуу тутумдар жана жасалма интеллект институтунун маалыматтарын талдоочусу:

- Биз эки диктордон 90 сааттан ашык убакыт үн топтоп, текстти аудио форматка өткөрүүчү 2 тутум иштеп чыктык. Биринчиден, биз мындай маалыматтарды биринчи жолу Казакстанда топтодук, экинчиден, бардык чогултулган маалыматтар жеткиликтүү. Бул маалыматты каалаган адам жүктөп, коммерциялык эмес жана коммерциялык максаттарда колдоно алат. Келечекте үндү башка компоненттер менен бирге Siri сыяктуу виртуалдык жардамчынын же 2GISте колдонууга болот.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш бир жылга жакын убакытка созулган. Бул убакыт аралыгында дикторлор көптөгөн сөздөрдү, үндөрдү, тамгаларды жана сандарды кайта-кайта окуп чыгышты. Бул Исеке менен Раяга жөнөкөй, белгисиз, ал тургай сөздүктө жок сөздөрдү оңой айтууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда бул долбоорго бир нече казакстандык компания кызыгып жатат.

Илимпоздор бүткүл маалымат базасын гана эмес, аны менен бирге, программанын кодун жана алдын ала даярдалган моделдерди да көпчүлүктүн назарына сунушташты. Ошентип, башка иштеп чыгуучулар Казакстандын жасалма интеллект технологияларын андан ары өнүктүрүү үчүн колдоно алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков