Казакстандык стартапчылар жаан чакырган дрон ойлоп тапты

Казакстандык стартапчылар жаан чакырган дрон ойлоп тапты

Булуттарды айдап, жаанды чакыруу. Казакстандык стартапчылар ойлоп тапкан дрон ушундай мүмкүнчүлүккө ээ. Ойлоп табуу кургакчылык мезгилинде эгиндерди сактап калууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугу маселесине байланыштуу.

АЛМАС ЖАЛИ, BRAVE INGINEERING СТАРТАБЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

 - Долбоордун максаты – кургакчылыкты болтурбоо. Айыл чарба кызматкерлери оруп-жыюу убагында керектүү түшүмдү ала албай келишет. Тийиштүү каражат таба албай калышат. Бул өлкөнүн экономикасына дагы, коопсуздугуна дагы тиешелүү маселе. Ошондуктан биздин максатыбыз - жамгыр көбүрөөк жаап, дыйкандар сезон учурунда мол түшүм алса экен дейбиз.

Дрондун жаан-чачын чакыруудан тышкары, туманды таратуу мүмкүнчүлүгү да бар. Бул тумандуу күндөр көп болгон Алматы сыяктуу мегаполистер үчүн дагы орду толгус чечим. Казакстандык аппараттын чет элдик альтернативаларга салыштырмалуу кемчилиги жок ,дешет ойлоп табуучулар.

АЛМАС ЖАЛИ, BRAVE INGINEERING СТАРТАБЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

 - Бул дүйнөлүк тажрыйба АКШда 30-40 жылдан бери, Сауд Аравиясында жана Араб Эмирликтеринде 10 жылдан бери колдонулуп келет. Кытайда бул программага 13 миллион доллар бөлүнгөн. 2025-жылга карата Кытай аба ырайын көзөмөлгө алгысы келет. Биз кандай натыйжага жетиштик? Биз бир нече эксперименттерди жасадык. Айрым жерлерде кар жаап, туман түштү. Бирок бизге бизнес долбоор катары чыгууга азырынча эрте. Бул бизнес эмес, жөнөкөй долбоор деп аталат.

Авторлор аппаратты жайга чейин өлкөдө сынап, изилдеп көрүп, андан соң чет элдик адистердин баалоосуна коюшат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков