Нотариалдык кызматтарды санариптештирүү

Нотариалдык кызматтарды санариптештирүү

Казакстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү маалымат тутуму түзүлөт. Бул үчүн күбөлүк документине QR-код берилет. Анын негизинде ал электрондук платформада сакталып, түп нускалыгы такталат. Бул эреже кийинки жылдан баштап күчүнө кирет деп күтүлүүдө. Өлкө Сенаты бул кызматты санариптештирүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Аталган документке ылайык, кызмат көрсөтүүчү ар бир ишти электрондук тутумга белгилеп турууга тийиш. Маалыматтарды киргизбесе, тартиптик жазага тартылат. Арыздарды кароо боюнча көз карандысыз орган, тартип комиссиясы түзүлөт.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПАРЛАМЕНТ СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул мыйзам калкка нотариалдык кызмат көрсөтүүдө санарип технологияларын колдонуу көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, нотариалдык кызматка коюлган талаптарды күчөтүүгө укуктук негиздер калыптанат. Документке киргизилген жоболордун негизги максаты - жеке жана юридикалык жактардын нотариалдык иш-аракеттердеги мыйзамдуу укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 4 миңден ашуун нотариус бар. Өткөн жылы алар 9 миллионго жакын кызмат көрсөтүп, натыйжада мамлекеттик казынага 2 миллиард теңгеден ашык салык төлөмдөр түшкөн.