Казакстандык биологдор кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү колдонушат

Казакстандык биологдор кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү колдонушат

Нур-Султан шаарындагы Улуттук биотехнология борборунун окумуштуулары Казакстандын кызыл китебине кирген өсүмдүктөрдү микроклондук көбөйтүүнүн уникалдуу технологиясын колдонушууда. Атайын лабораториянын биологдору бир нече жылдан бери жыгачтын мамык эмес сортторун чыгаруу менен алектенип келишет. Мындан тышкары, жасалма жол менен жасалганы менен теректин табигый касиеттери жоголбой абаны зыяндуу заттардан тазалоо жөндөмүнөн да арылбайт. Учурда борбор калаанын көчөлөрүнө мындай көчөттөр көп отургузулат. Кызыл китепке кирген бак-дарактар ​​борбор калаанын сейил бактарын, анын ичинде Ботаникалык бак менен Триатлон сейил багын көркүнө чыгарып турат.

Алмагүл Какимжанова, Улуттук биотехнология борборунун биотехнология жана өсүмдүктөр селекциясы лабораториясынын жетекчиси

- Натыйжада гибриддүү теректер чыгарылды. Боз терек менен ак теректи гибриддештирүү жолу менен алынган аталык үлгүлөр мамык түзбөйт. Бул аллергиясы бар адамдарга эч кандай коркунуч туудурбайт. Бизде Тунберг жана Или бөрү карагаттуу да бар. Акыркысы Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Недзвецкий, Сиверс алма дарагы жана жабышкак ольха дарагы да кездешет. Азыркы учурда он түрдүү өсүмдүктү чыгаруу технологиясын иштеп чыктык.

Көчөттөрдү отургузуунун алдында өсүмдүктөр атайын азыктандыруучу чөйрөсү бар стерилдүү түтүктөргө жайгаштырылат. Алар витаминдер, гормондор, микро жана макроэлементтер менен байытылган. Ошондуктан алар бир эле учурда бир нече артыкчылыктарга ээ болушат.

Биринчи артыкчылыгы  бул материалды Түндүк Казакстанда, Борбордук Казакстанда өскөн, климаттык шартыбызга ылайыкташкан энелик өсүмдүктөн алып көбөйтөбүз. Мындай шартта өспөгөн өсүмдүк материалдары негизинен Европадан алынып келинет. Ошондуктан көп учурда сиңип, тамыр албай, өспөй калат. Бул жерде өскөн материалды алып, көбүрөөк көлөмдө көбөйтөбүз. Анан дагы бир артыкчылыгыбыз, өндүрүштү көбөйтүп жаткандыгыбызда.

Айдана Нуртаза, Улуттук биотехнология борбору илимий кызматкери:

- Өсүмдүктөрдүн жигердүү фотосинтези, жакшы өсүш үчүн оптималдуу шарттарды түзүү маанилүү. Мисалы, өтө ысык температурада өсүмдүктөр өзүн ыңгайсыз сезип, соолуп калышат. Ал эми өтө суук температурада өсүмдүктөрдүн өсүшү басаңдайт. Ошондуктан эң ыңгайлуусу 24-26 градус болот. Алар лабораторияда өскөндүктөн бөлмө жакшы жарыктандырылышы да маанилүү. Аларда табигый жарыксыз атайын лампалар коюлган. Алар өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн жетиштүү спектр менен камсыз кылат.

Микроматериалдан чоң бир даракка айланышы үчүн бир жарым жыл, атүгүл эки жылдай убакыт керектелет. Биологдор ар бир өсүмдүктү камкордукка алышат. Ошондуктан алар дарактарды өз балдарындай жакшы көрүшөт. Акыркы үч жылда ата мекендик адистер мындай жаңы ыкма менен 6,5 миңге жакын талды өстүрүштү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков