Казакстандык окумуштуулар сөөк тканын калыбына келтирүүчү биоматериал ойлоп табышты

Казакстандык окумуштуулар сөөк тканын калыбына келтирүүчү биоматериал ойлоп табышты

Казак окумуштуулары сөөк тканын калыбына келтирүүчү биоматериал ойлоп табышты. Ата мекендик окумуштуулардын ойлоп табуусунун өзгөчөлүгү – кадимки жумуртканын кабыгынан гидроксиапатит өндүрүүсүндө. Адистер сөөк алмаштыруучу минерал адамдын сөөк тканына жана тиш эмалына окшош экенин белгилешет. Бул чет өлкөлүк альтернативалыктарга караганда үч эсе арзан.

Зулкайыр Мансуров, Жануу көйгөйлөрү илимий институтунун жетекчиси:

- Гидроксиапатиттин бир граммы 10 миң теңге турат. Мурда тиш доктурлар Германиядан, Кытайдан алып келген. Алардын баасы 30 миң теңгеге жакын. Биздики арзаныраак.

Максүт Темирбаев, Стоматология борборунун башкы мүдүрү:

- Гидроксиапатит - бул көптөгөн тармактарда колдоно турган минерал. Биз дагы эле колдонуп жатабыз. Мисалы, травматологияда сөөктөрдү дарылоо, андан кийин стоматологияда тиш дарылоо, имплантаттар бардык гидроксиапатитти кемтиктерди жабууга жакшы таасир берип, андан кийин организм адамдын эти сыяктуу кабыл алат.

Долбоор «Казакстандын илимий фонду» тарабынан колдоого алынып, биоматериалдарды өндүрүү технологиясын иштеп чыгууга 160 миллион теңге бөлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков