Казакстанда жемиш бактарынын диагнозун аныктаган тутум иштелип чыкты

Казакстанда жемиш бактарынын диагнозун аныктаган  тутум иштелип чыкты

Жемиш бактары коркунучтуу жугуштуу ооруга чалдыккан жокпу, аны эми казакстандык иштеп чыгуучулар жогорку тактык менен аныктайт. Жаңы диагностикалык система өсүмдүктөрдүн ДНКсында Erwinia amylovora деп аталган бактерияны аныктайт. Бул патоген - өзгөчө алма жана алмурут бактарында - күйүк жаратат. Ал өз кезегинде, эки эле мезгилде бакчалардын массалык өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулар бүгүнкү күндө эффективдүү дарылоо жок экенин, эрте диагноз коюу негизги алдын алуу экенин айтышат. Ошентип тест системасы атактуу казак алма бактарын сактап калууга жардам берет.

Нурбол Галиакпаров, Биотехнология жана молекулярдык генетика лабороториясынын башчысы:

- Биз тест системасын иштеп чыктык. Ал изотермикалык цикл реакциясы деп аталган ыкмага негизделген. Анткени ал белгилүү бир температурадан өтөт. ПЧР-тесттен сезгичтиги менен айырмаланат. Биздин өлчөөлөрдүн негизинде, ал полимераздык ПЧРге караганда жүздөн миңге чейин сезгич келет. Ошол эле учурда ал оң натыйжа бербейт. Бул ыкма үчүн кымбат баалуу жабдууларды сатып алуунун кажети жок. Муну суу ванналарында да жасоого болот. Негизи  талаада да колдонсо болот.

Ата мекендик иштеп чыгуучулардын айтымында, тест-система чет элдик аналогдордон бир нече эсе арзан жана казакстандык багбандар үчүн жеткиликтүү. Белгилей кетсек, буга чейин илимпоздор өнөр жай үлгүсүн чыгаруу үчүн патент алууга арыз беришкен.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков