Көзү азиздерге арналган клавиатура актөбелик окуучуларды эл аралык деңгээлде таанытты

Көзү азиздерге арналган клавиатура актөбелик окуучуларды эл аралык деңгээлде таанытты

Казакстандык окуучулар эл аралык деңгээлде таанылды. Актөбе орто мектебинин окуучулары Жаннур Айип менен Данияр Чутенев көзү азиздер үчүн клавиатура ойлоп табышты. Ноу-хау дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн 60тан ашык команда катышкан EXPO SCIENCES MEXICO виртуалдык олимпиадасында байгелүү экинчи орунду ээледи.

Жаннур Айип, Expo Sciences Mexico эл аралык виртуалдык олимпиадасынын байге ээси:

- Биздин клавиатура башка принцип боюнча иштейт. Кадимки клавиатурада белгилүү бир тамганы басуу үчүн баскычты басышыңыз керек болсо, биздин клавиатурадагы комбинацияларды басуу керек. Биз өзүбүздүн долбоорубузду уникалдуу деп эсептейбиз жана анын өнүгүшүн каалайбыз. Алдыдагы убакытта мүмкүн болсо башка сынактарга да катышкыбыз келет.

Окуучулар клавиатураны ар бир майда-чүйдөсүнө чейин кылдаттык менен карап, иштеп чыкканы үчүн бир жылдай убакыт кеткен. Аппарат брайл арибинде тамгаларды жана алфивиттерди жазуу үчүн алты чекитке окшош алты баскычтан турат. Келечекте иштеп чыгуучулар долбоорлорун жакшыртуу ниетинде.

Данияр Чутенев, Expo Sciences Mexico эл аралык виртуалдуу олимпиадасынын байге ээси:

- Биз клавиатурага кошкубуз келген дагы бир колдонмо - бул дисплей. Дисплей деген эмне? Бул тамгаларды жана сандарды киргизүү мүмкүнчүлүгү бар биздин аппарат. Маселен, алфавит орус, казак, англис тилдеринде дейли, колдонуучу бир эле кирип гана койбостон, анын кандай символдорду киргизгенин сезип, билип турганын каалайбыз.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, аппарат ийгиликтүү сыноодон өттү. Кийинки кадам - патент алуу. Таланттуу окуучулар келечекте элге жардам берүү үчүн башка пайдалуу жана масштабдуу долбоорлордун үстүндө иштөөнү көздөшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков