Борбордук Азиянын IT-стартаптары чет элден инвестиция тарта алат

Борбордук Азиянын IT-стартаптары чет элден инвестиция тарта алат

Борбордук Азиядагы эң мыкты технологиялык IT-стартаптар беш жүз миң долларга чейин инвестиция тарта алат. Буга Казакстанда жалган куран айынын 7де баштала турган инвестициялык даярдыкты тездетүүчү программасы көмөктөшөт. Азыркы учурда катышуучулардан арыздар кабыл алынууда. Уюштуруучулардын айтымында, программа үч бөлүктөн турат жана онлайн менен катар оффлайн форматында өтөт. Инноваторлор мыйзам боюнча тажрыйбалык билимге ээ боло алышат, долбоордун эффективдүү финансылык моделин түзүүнү, питч-декти түзүүнү, ошондой эле, көптөгөн башка маалыматтардан кабардар боло алат. Программанын расмий бөлүгү аяктагандан кийин катышуучулар стартаптарын Борбор Азиядан эле эмес, АКШ жана Европадан келген инвесторлорго көрсөтө алышат.

Алим Хамитов, Борбордук Азиянын биринчи венчурдук фондунун башкаруучу өнөктөшү:

- Бардык акселераторлордун түпкү максаты жалпысынан алганда, көптөгөн командалардын ыдырашынын себеби, эч кимге керек эмес өнүмдү иштеп чыккандыктарында эмес, жаңы нерсени ойлоп таап ага колдоочу, баштапкы инвестицияны таба албагандыктарында экенин айткыбыз келет. Ошого жараша андан кийин стартаптардын тобу тилекке каршы тарап жатат. Маселе алардын кереги жок нерсени жасаганында эмес, алар ишенимдүү колдоо таба албаганында. Биз бул маселени көп жылдан бери байкап келебиз. Ошондуктан бул программаны ишке ашырууну туура деп чечтик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков