Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Казакстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Соңку айда өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруу деңгээли 1,7 эсеге азайган. Стационардык бейтаптардын саны 2,1 эсеге, ал эми амбулатордук абалда дарыланып жаткандардын саны 1,7 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ералы Тогжанов маалымдады. Ал эпидемияга каршы эмдөө чараларынын оң натыйжасын белгилеп өттү. Деген менен бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушу жана жайылышы өз таасирин тийгизүүдө. Нур-Султан шаарында кечээ коронавирус диагнозу коюлган бейтаптын ПЧР-тестинде индиялык штаммдын «дельта» түрү аныкталды. Ага ылайык, борбор калаада карантиндик чаралар күчөтүлдү.

Ералы Тогжанов, РКнын Премьер-Министринин орун басары:

- Коронавирустун бул түрү өтө кооптуу. Ал бейтапты ооруканага жаткырууну талап кылат жана курмандыктардын көрсөткүчү жогору. Бул башка штаммдарга караганда 60% жугуштуу. Орто эсеп менен бир адамдан 5-6 адам илдет жуктурат. Бүгүнкү күндө өзүңүздү коргоонун эң жөнөкөй жолу – бул вакцина сайдыруу. Азырынча дүйнөдө мындан бөлөк ыкма ойлоп табыла элек. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык медициналык уюмдарда вакциналардын кору жетиштүү. Быйылкы жылдан баштап өлкөгө 7 миллионго жакын доза жеткирилди. Жалпы 4,6 миллион вакцина жасалды. Алардын ичинен 2,8 миллион адам биринчи компонентти алып, бул калктын 28 пайызын түздү. Экинчи компонент менен 1,7 миллион адам камтылды.

Өлкө Премьер-Министринин орун басары коронавирустун индиялык штаммынан улам локдаун жарыялоо маселеси каралбай тургандыгын кошумчалады. Анын айтымында, инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чаралар гана күчөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков