Казакстанда COVID-19 жуктуруу көрсөткүчү көбөйдү

Казакстанда COVID-19 жуктуруу көрсөткүчү көбөйдү

Коронавирус кайрадан көбөйүүдө. Акыркы жумада Казакстанда кооптуу илдетти жуктуруу көрсөткүчү 4%га жогорулаганы байкалды. Ушул мезгилде борбор калаада COVID-19дун таралышы 40%га өскөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди.

Тармактык мекеме башчысынын айтымында, акыркы изилдөөлөргө ылайык, кооптуу вирус мутацияга учуроодо. Анын жайылуу ылдамдыгы өтө жогору жана кесепеттери бир кыйла оор. Адистер борбордо илдетке чалдыккан бейтапты текшерип, инфекциянын «дельта» штаммына мүнөздүү мутацияланган түрүн аныкташкан.

Алексей Цой, Саламаттыкты сактоо министри:

- «Дельта штаммы» бүгүнкү күнгө чейин аныкталган башка штаммдарга караганда 60 пайызга тезирээк жайылып, тез жугат жана инкубациялык мезгили кыска, 7 күнгө чейин созулат. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, «Дельта штаммынын» курмандыктары көп катталууда. Илдетке чалдыккан адамдарда жаңы белгилер байкалып жатат: муундар менен ичтин оорушу, ал тургай угуу жөндөмүнөн айрылып калуу коркунучу бар. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, «Delta штаммы» жер шаарынын 74 өлкөсүндө катталган.

Премьер-министр Аскар Мамин азыркы учурда жалпысынан Казакстандагы абал бир калыпта болгону менен коңшу мамлекеттердеги абал оор бойдон калууда деп билдирди. Ошондуктан, мамлекеттик чек арада көзөмөлдү күчөтүп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Адистер калкты эмдөө өнөктүгүнөн четте калбоого чакырат. Буга кошумча, социалдык аралыкты эске алып, беткап тагуунунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков