Бир суткада 757 казакстандык кооптуу илдетке чалдыкты

Бир суткада 757 казакстандык кооптуу илдетке чалдыкты

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруу учурлары азаюуда. Өткөн суткада өлкөдө 757 адамдан коронавирус аныкталды. Кооптуу вирустун көпчүлүк учурлары борбор калаада катталды. Нур-Султандын 181 тургунуна COVID-19 диагнозу коюлду. Андан кийин Караганды облусунда 161, Чыгыш Казакстан облусунда 67 бейтап катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 403 миңге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1 миллион 435 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков