Казакстан коронавирус боюнча «жашыл» аймакка өттү

Казакстан коронавирус боюнча «жашыл» аймакка өттү

Казакстан коронавирус боюнча «жашыл» аймакка өттү. Өлкөдө кооптуу илдетти жуктуруу көрсөткүчү кыйла төмөндөгөн. Өткөн суткада 989 адамдын ПЧР-тести оң натыйжа көрсөткөн. Караганды облусу бейтаптардын саны боюнча антирейтингде биринчи орунда турат. Коронавирус 171 кишиден аныкталган. Бул жолу Алматы шаарында 143 адам инфекцияны жуктуруп алган. Үчүнчү орунга борбор калаа жайгашты. Бул жерде 120 жаңы учур катталды.

Азыркы учурда 24 600 адам коронавируска каршы дарыланууну улантууда. 579 казакстандыктын абалы оор, ал эми 78 бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков