КВИге каршы вакциналар аймактарга үзгүлтүксүз жекткирилүүдө

КВИге каршы вакциналар аймактарга үзгүлтүксүз жекткирилүүдө

«QazVac» вакцинасынын 100 миң даанасы аймактарга жеткирилди. Кийинки партиясы ушул айдын аягына чейин аймактарга жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн атайын брифингде «СК-Фармация» бирдиктүү ата мекендик дистрибьюторунун жетекчиси билдирди. Ерхат Ескалиевдин айтымында, буга кошумча, учурда «CoronaVac» вакцинасынын 500 миң дозасы бар. региондорго кулжа айынын 12нен кийин жибериле баштайт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө «Hayat-Vax»тын 1 миллион дозасы сатып алынып, айыл жерлерине жектирилип жатат. Жалпысынан, кооптуу илдетке каршы эмдөө өнөктүгү башталгандан бери аймактарга 4,4 млн доза вакцина жеткирилген. Маанилүү жараян планга ылайык жүрүп жатат, - деп билдирди Ескалиев.

Ерхат Ескалиев, «СК-Фармация» ЖЧК башчысы:

- «Спутник V» вакцинасынын 10 млн 280 миң дозасы сатылып алынган. Анын ичинен ушул жылдын бирдин айынын 1нен тартып биринчи компоненттин 1,9 млн дозасы жана экинчи компоненттин 1,4 млн дозасы жөнөтүлдү. Кулжа айынын 1не чейин биринчи компоненттин 1,2 млн дозасын жана экинчи компоненттин 525 миң дозасын жөнөтүү аяктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков