Казакстанда бир суткада коронавирусту 1 385 адам жуктуруп алды

Казакстанда бир суткада коронавирусту 1 385 адам жуктуруп алды

Казакстанда акыркы суткада коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 385 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап Нур-Султан шаарында катталды. Бул жерде COVID-19 диагнозу 272 адамдан тастыкталды. Андан кийин Караганды облусу турат. Кооптуу илдетке 205 адам чалдыккан. Алматы шаарында 203 бейтап катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 390 миңден ашты. Мындан тышкары, 24 сааттын ичинде илдеттен 2 575 казакстандык айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков