COVID-19га каршы толук эмделген казакстандыктардын саны миллиондон аштым

COVID-19га каршы толук эмделген казакстандыктардын саны миллиондон аштым

Коронавирустук вакцинанын эки компоненти менен тең эмделген казакстандыктардын саны миллиондон ашканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Баарынан алдыда турган Алматыда дээрлик 200 миң адам толук эмдөөдөн өткөн, Алматы облусунда 125 миңге жакын, Караганды облусунда 100 миңден ашык адам вакцинацияланган. Нур-Султанда дээрлик 95 миң адам вакцинанын эки компонентин тең алган.

Ал ортодо, өткөн суткада өлкөдө коронавирустук инфекциянын 1 747 учуру аныкталды. Бейтаптар боюнча антирейтингди Караганды облусу баштайт. Бул жерде COVID-19 илдети 324 тургундан тастыкталды. Андан кийин Алматыда 279 бейтап катталган, Казакстандын борбору алдыңкы үчтүктү толуктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков