Бир суткада 1849 адамдан коронавирус аныкталды

Бир суткада 1849 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада COVID-19 диагнозу 1 849 адамдан ПЧР-тести аркылуу ырасталды. Эң көп бейтап Караганды облусунда катталды. Бул жерде 320 адамдын тести оң натыйжа көрсөткөн. Экинчи орунда өлкөнүн борбору Нур-Султан турат, мында 297 бейтап аныкталды. Андан кийин Алматыда 290 адам кооптуу илдетке кабылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 380 миңден ашык адам коронавируска чалдыккан. Мындан тышкары, өткөн суткада 2196 казакстандык аталган илдеттен айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков