Казакстанда COVID-19 чалдыгуу учурлары азайды

Казакстанда COVID-19 чалдыгуу учурлары азайды

Казакстанда коронавирус жуктуруу учурларынын төмөндөшү катталды. Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1 832 бейтап аныкталды. Бул көрсөткүч бир нече күн катары менен 2 000 учурдан ашкан. Антирейтингде мурдагыда​й эле Алматы шаары алдыда. Мында вирус 398 алматылыктан тастыкталган. Караганды облусунда 355 адам катталса, Казакстандын борборунда 179 адам коронавируска чалдыккан.

Айта кетсек, эпидемиологиялык абалдын жакрышын «кызыл зоналардын» бир кыйла азаюусунан да байкоого болот. Кызыл аймакта Нур-Султан, Алматы шаарлары, Акмола, Атырау, Батыш Казакстан жана Караганды облустары кала берүүдө. Шымкент шаарында, Актөбе, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан облустарында абалдын бир аз жакшырганын байкоого болот. Ал эми калган аймактар коопсуз «жашыл» аймакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков