Казакстан: бир суткада 2 089 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстан: бир суткада 2 089 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада COVID-19 диагнозу 2 089 кишиге ПЧР-тести аркылуу коюлду. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Алматы шаарында катталды. Бул жерде 549 адамдын тести оң натыйжа көрсөттү. Экинчи орунда 346 учур аныкталган Караганды облусу турат. Андан кийин борбор калаада 284 адам илдетти жуктурган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө аталган илдетке кабылгандардын жалпы саны 360 миңден ашты. Кошумчалай кетсек, өткөн суткада 1 738 казакстандык коронавируска каршы дарыланып чыккан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков