Вакцинациялоо паспорту ASHYQ тиркемесине кирет

Вакцинациялоо паспорту ASHYQ тиркемесине кирет

Казакстандыктардын эмдөө паспорттору теке айынын 1не чейин Ashyq тиркемесине киргизилет. Башкача айтканда, анда кооптуу илдетке каршы вакцинанын эки компонентин тең алган жарандардын макамы жашыл түс менен белгиленет. Бул тууралуу долбоордун жетекчилери атайын брифинг учурунда билдиришти. Жалпысынан тиркеме ишке киргенден бери «кызыл» макамы бар колдонуучулардын саны 2 миңге жетти. Кошумчалай кетсек, «Ashyq» долбоору менен иштеген ишкердик субъектилеринин саны 5 миңден ашты. Бугу айынын

12де Нур-Султан шаарынын аэропорту да ага кошулду. Эми жүргүнчүлөрдү чыгарып жана түшүргөн жарандар аталган тиркеме аркылуу имаратка кире алышат. Натыйжада аэропортко келген 10 миң адамдын абалы текшерилип, алардын айрымдарынан коронавирус менен ооруп жүргөндөрү аныкталган.

Юлия Якупбаева, «Атамекен» УИП башкарма төрагасынын орун басары:

- Бүгүнкү күндө адамдардын тыгыны жок. Буга кошумча, коопсуздук жаатында дагы көп иштерди жасоого туура келет. Анткени ушул бир нече күндүн ичинде кызыл макамдуу 8 адам, сары макамы бар 9 адам аныкталды. Ошондо вирусту жуктурган 15 адам болгон. Алардын айрымдары бизге дал ушундай текшерүүдөн өтпөгөн аэропорттордон келип, сапарын андан ары улантмак болушкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков