Өткөн суткада 1811 адамдан коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 1811 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус жуктургандардын саны 1811ге көбөйдү. Эң көп бейтап дагы деле болсо Алматы шаарында. Бул жерде 391 тургундан Ковид-19 диагнозу тастыкталды. Андан кийин борбор калаада 310, Караганды облусунда 200 бейтап катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 348 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 40 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясынан дарыланып жатат. Алардын 14 миң 495и ооруканага жаткырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков