Бир суткада 1766 адамдан коронавирус аныкталды

Бир суткада 1766 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө коронавирусту жуктуруу учурлары басаңдады. Өткөн суткада илдетке 1 766 адам чалдыкканы белгилүү болду. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында. Бул жерде ПЧР-тести аркылуу бир күндө 430 адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Караганды облусунда коронавирустук инфекциянын 262 учуру катталды. Бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орунда Нур-Султан шаары турат. Аймакта 249 адам вирусту жуктуруп алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 300 миңден ашты.

Ал эми борбор калаадагы эл аралык аэропортто бугу айынын 12-нен баштап ASHYQ тиркемесин толук кандуу ишке киргизүү мерчемделүүдө. Бул мобилдик долбоор жүргүнчүлөрдүн жана аэропорттун кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн кабыл алынып жатат. Ошентип, бардык жүргүнчүлөр аэропортко келгенге чейин тиркемени жүктөп алып, өздөрүнүн абалын текшерип турушу керек. Себеби, аэропортко сары жана кызыл макамы бар жүргүнчүлөргө кирүүгө уруксат берилбейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков