Казакстанда бир суткада 2076 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда бир суткада 2076 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада 2 076 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Эң көп бейтап мурдагыдай эле Алматы шаарында катталды. Бул жерде 658 адамдын тести оң натыйжа көрсөттү. Экинчи орунда турган борбор калаада – 250, андан кийин Караганды облусунда – 240 адам инфекция жуктуруп алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 330 миңден ашты. Аны менен бирге, өткөн суткада 1 336 казакстандык аталган илдеттен айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков