Эмдөө өнөктүгүндө вакцинанын 3 түрү колдонулат

Эмдөө өнөктүгүндө вакцинанын 3 түрү колдонулат

Быйыл теке айынын 1нен баштап вакцинациялоо паспорту менен «Ashyq» тиркемеси бириктирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди. Вакцина документинде адамдын эмдөө өнөктүгүндө кандай вакцина алгандыгы, дозасы жана жасалган күнү жөнүндө маалыматтар жазылат. Ал эми Ashyq - бул карантин учурунда ишкерлерге иштөөгө мүмкүнчүлүк берген мобилдик тиркеме. Ал коомдук жайларга барган адамдарды каттап, ишкерге коронавирус менен ооруган адамдар тууралуу маалымат берет. Мындан тышкары, учурда эмдөө паспортун Эл аралык аба транспорту ассоциациясы менен интеграциялоо маселеси каралууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда коронавируска каршы вакцина алган адамдардын саны миллиондон ашты. Вакцина түрүн тандоо аянты дагы артып келет.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Бүгүн кошумча араб вакцинасын алабыз. Башкача айтканда, бул вакцина «Синофарм» компаниясынын кытайлык технологиясы менен өндүрүлгөн. Учурда аталган вакцинаны күтүп жатабыз жана аны аймактарга таратабыз. Бул аркылуу бизде калк үчүн массалык эмдөө өнөктүгүндө үч вакцина элге жеткиликтүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков