Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны 320 миңге жакындады

Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны 320 миңге жакындады

Казакстанда акыркы суткада 2853 адам коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталды. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында. Бул жерде бир күндө 675 адамга Ковид диагнозу ПЧР-тести аркылуу коюлду. Борбор калаада коронавирустун 566 учуру катталды. Бейтаптардын саны боюнча үчүнчү орунду Караганды облусу ээледи. Аймакта 264 адам илдетти жуктуруп алган. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 320 миңден ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Шымкент жана Актөбе облустарында эпидемиологиялык абал бир топ жакшырган. Бул аймактар кызыл аймактан сарыга өттү. Эпидемиянын жогорку тобокелдиги Нурсултан жана Алматы шаарларында, ошондой эле, Акмола, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды, Кызылорда жана Павлодар облустарында сакталууда. Ал эми Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл жана Мангыстау облустарында абал бир аз туруктуу. Калган аймактар жашыл зонада.

Которгон: Илгиз Жамалбеков