COVID-19: Казакстанда илдет жуктуруу көрсөткүчү өстү

COVID-19: Казакстанда илдет жуктуруу көрсөткүчү өстү

Казакстанда коронавируска чалдыгуу көрсөткүчү кайрадан өстү. Өткөн суткада өлкөдө дагы 2 833 адамдан кооптуу илдет аныкталды. Алматы шаарында 695, борбор калаада 584 жана Караганды облусунда 258 бейтап коронавируска чалдыккан. Ал эми Алматы облусунда 185, Батыш Казакстанда 153 жаңы учур катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө аталган илдетке кабылгандардын саны 317 миңге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 42 526 адам коронавирустук инфекцияга каршы дарыланууда, алардын 15 миңге жакыны ооруканаларда жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков