QazVac Алматы соода борборлорунда колдонула баштады

QazVac Алматы соода борборлорунда колдонула баштады

Коронавирустук инфекцияга каршы ата мекендик вакцинаны эми Алматыдагы ири соода борборлору менен ири базарлардагы вакцинациялоо пункттарынан алууга болот. Мында эмдөө пункттары буга чейин эле иштеп келген, бирок ушул убакка чейин бир гана орусиялык «Спутник V» препараты болгон. Дарыгерлердин айтымында, QazVac менен эмдөөдөн өтүүнү каалагандар көп. Эске салсак, мегаполиске казакстандык препараттын 9 миң дозасы жеткирилген.

Гүлзат Байзакова, шаардык №5 оорукананын бөлүм башчысы:

- Алматы шаарындагы эмдөө алууга каалоосун билдиргендерди маалымат базасы аркылуу текшеребиз - жеке күбөлүк, e-gov порталында катталганбы же катталган эмеспи. Эгерде уруксат кагазы болсо же салык төлөөчү болсо, чет өлкөлүктөр дагы эмдөөдөн өтсө болот. Ошондой эле, Алматы облусунда катталып, бирок Алматы шаарында иштегендерге да эмдөө жүргүзөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков