Өткөн суткада коронавируска 2 893 адам чалдыкты

Өткөн суткада коронавируска 2 893 адам чалдыкты

Казакстанда акыркы суткада 2 893 адам вирус жуктурду. Бейтаптардын көпчүлүгү Алматы шаарында катталды, шаардын 695 тургунуна COVID-19 диагнозу коюлду. Кооптуу инфекция борбор калаада 574 адамда аныкталды, ал эми Алматы облусунда 240 адам коронавируска чалдыккан. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 298 миңге жетти.

Аны менен катар, казакстандыктардын арасында коронавируска каршы вакцина алгандардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө 760 миңден ашуун адам препараттын биринчи компонентин алышкан. Экинчи дозасын 126 миңге жакын адам алды. Салыштырмалуу, бул көрсөткүч айдын башында 4 эсе аз болгон.

Айта кетсек, вакцинаны алуу үчүн коронавируска каршы ПЧР-тест же антитело анализинин кереги жок, дешет адистер. Антителолор табылса дагы, эмдөөдөн баш тартууга эч кандай негиз жок. Бирок онкологиялык илдетке каршы дары колдонуп жүргөндөргө же курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандарга эмдөөнү кийинкиге калтыруу керек. Бул өнөкөт ооруларга, кош бойлуулукка жана бала эмизген энелерге дагы тиешелүү. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кош бойлуулукту бир жарым-эки айдан кийин мерчемдөөнү сунушташат. Ийне сайгандан кийинки алгачкы эки-үч күндүн ичинде айрым чектөөлөр сакталышы керек.

Ерлан Раманкулов, Улуттук биотехнология борборунун мүдүрү:

- Дарыгерлер эмделген жерге эки күн бою суу тийгизбөөгө кеңеш беришет. Ошондой эле, стресстик жагдайлардан алыс болуңуз. Мончого барууну да чектөө керек. Себеби, бул дагы стрессти пайда кылат.

Жумабек Бекенов, Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча департаменттин мүдүрү:

- Биринчи вакцинаны алгандан кийин жок дегенде эки жумадан кийин антителолор пайда боло баштайт. Албетте, ал адамды 50-60 пайызга чейин коргоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эки жагдайда адамдар эмдөөдөн өткөндөн кийин, эркин жүрүп, беткап тагынбоого укуктуу. Мутацияга учураган британдык, бразилиялык, түштүк африкалык түрлөрүн жуктуруп алуу мүмкүн. Бирок вакцинадан ооруп калуу мүмкүн эмес. Анткени вакцинанын курамында тирүү козгогучтар жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков